× Тил Европа Орусча Беларусча Украинче Полякча Сербче Болгарча Словакия Чехче Румынча Молдова Азербайжан Армянча Грузинче Албанча Авар Башкыр Татар Чечен Словенияча Хорватча Эстончо Латвияча Литвача Венгерче Финче Норвежче Шведче Исландияча Грекче Македонияча Немисче Бавариялык Нидерландча Датча Валлийче Гаэл Ирландча Франсузча Баскча Каталанча Итальянча Galacian Romani Bosnian Түндүк Америка Англисче Түштүк Америка Испанча Португалча Гуарани Кечуан Aymara Борбордук Америка Ямайка Nahuatl Kiche Qeqchi Гаитиче Чыгыш Азия Кытайча Жапончо Корейче Монголчо Уйгур Хмонг Түштүк-Чыгыш Азия Малазиялык Бурмача Chin Непаличе Себуано Тагалогчо Камбоджа Тайча Индонезияча Вьетнамча Жанавизче Лао Ибан Иу Миен Качин Лаху Aceh Balinese Bugis Pampanga Sasak Shan Waray Түштүк Азия Хиндиче Одия Авадхи Mizo Каннадача Малаяламча Маратиче Гужаратиче Тамилче Телугуча Пунжабиче Курух Ассамча Maithili Бенгалча Урдуча Sinhala Догри Харянви Мейтей Конкани Сантали Синдиче Коя Тадо Санскрит Девангари Adilabad Gondi Ahirani Balochi Bundeli Chhattisgarhi Garhwali Kangri Kumaoni Mewari Munda Sadri Seraiki Shekhawati Sylheti Борбордук Азия Кыргызча Өзбекче Тажик Түркмөнчө Казакстан Karakalpak Орто Чыгыш Түркчө Еврейче Арабча Парсча Күрд Пуштунча Копт Африка Африкаансча Хосача Зулуча Ndebele Sotho Амхарча Wolaytta Нигериялык Mossi Ика Динка Kabyle Эв Свахиличе Марокко Сомалиялык Шона Мадагаскар Igbo Лингала Baoule Siswati Tsonga Tswana Гамбия Йорубача Камба Kinyarwanda Хаусача Chewa Luo Макуа Дюла Фулфульде Каленжин Кикую Кикванго Кирунди Крио Нигериялык Пиджин Oromo Тшилуба Тшивенда Тви Умбунду Лугбара Лугуру Пулдар Гусси Маасай Туркана Моба Нуэр Шиллюк Тамашек Маконде Bemba Fon Hadiyya Ibibio Kimbundu Kimiiru Lango Liberian Kreyol Lomwe Mende Morisyen Ndau Nyankole Sena Sidamo Soga Songe Sukuma Tarifit Teso Tiv Zande Австралия континенти Жаңы Зеландия Папуа-Жаңы Гвинея Эски тилдер Арамей Латынча Эсперанто 1 1 1 2004 200520041 1 1 Накыл Сөздөр БашталышМисирденЛебилерСандарМыйзамды КайталооЖашыяБашкаруучуларРут1 Шемуел2 Шемуел1 Падышалар2 Падышалар1 Жылнаама2 ЖылнаамаЭзраНекемияЭстерАюбЗабурНакыл СөздөрНасаатчыЫрдын ЫрыЫшайаЖеремияЖеремиянын ЫйыЖезекиелДаниелОшуяЖоелАмосОбадияЖунусМихейНакумХабакукСепанияАкайЗахарияМалахия--- --- ---МатайМаркЛукаЖаканЭлчилерРимдиктерге1 Корунттуктар2 КорунттуктарГалатиялыктарЭфестиктерФилипиялыктарКолостуктар1 Тесалоникалыктар2 Тесалоникалыктар1 Тиметей2 ТиметейТитФилимонЭврейлерЖакып1 Петир2 Петир1 Жакан2 Жакан3 ЖаканЖүйүтАян1 1 1 17 123456789101112131415161718192021222324252627282930311 1 1 : 1 123456789101112131415161718192021222324252627281 1 1 Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Накыл Сөздөр 17 Эскертүүлөрдү сактоо 1Уруш-талаш кетпеген үйдөгү толо эттен тынч жашаган үйдөгү бир сындырым каткан нан артык.2Акылдуу кул мырзасынын бузулган уулуна бийлик кылат, анын бир туугандары менен кошо мураска ээ болот.3Эритүүчү меш күмүш үчүн, көрүктүн очогу алтын үчүн, ал эми жүрөктөрдү Теңир сынайт.4Бузуку адам мыйзамсыздын сөзүн угат, алдамчы адам кыянатчы адамдын тилин алат.5Жакырды тилдеген адам анын Жаратканына акарат келтирген болот. Бирөөнүн башына мүшкүл түшкөнүнө кубанган адам жазасыз калбайт.6Карылардын таажысы – балдарынын балдары, балдардын даңкы – ата-энелери.7Акылсыз адамга маанилүү сөз жарашпайт, атактуу адамга калп айткан жарашпайт.8Пара – берчү киши үчүн асыл таш, ал каякка кайрылса да үлгүрөт.9Айыпты жаап койгон адам сүйүү издейт, ал эми аны кайра эскерткен адам досун алыстатат.10Акылсыз адамга жүз балак таасир эткенге караганда, акылдуу адамга сөгүш катуу таасир этет.11Жаңжалчыл жамандык гана издейт, ошондуктан ага каршы ырайымсыз периште жөнөтүлөт.12Акылсыз адамга кезиккиче, мамалактарынан ажыраган аюуга кезиккен жакшы.13Жакшылыкка жамандык менен жооп берген адамдын үйүнөн жамандык кетпейт.14Чатактын башталышы жарып кирген суудай. Чатакты күчөп кете электе токтот.15Мыйзамсыз адамды актаган адам да, адил адамды каралаган адам да Теңирдин алдында жийиркеничтүү.16Акылсыздын колундагы байлыктын баркы жок. Даанышмандыкка жетүүгө анын акылы жок.17Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет.18Кем акыл адам колун берип, өз жакынына кепилдикке өтөт.19Чатакты жакшы көргөн адам күнөөнү жакшы көрөт. Дарбазасын бийик көтөргөн адам – жыгылууну издеген адам.20Анткор жүрөк жакшылык көрбөйт, амалкөй тил кырсыкка кабылат.21Акылсызды төрөгөн адам башына балаа үйдү, акылсыздын атасы да кубаныч көрбөйт.22Шайыр жүрөк даба болчу дарыдай жакшы таасир берет, кайгылуу рух сөөктү кургатат.23Акыйкаттыктын жолун бурмалаш үчүн, мыйзамсыз адам жең ичинен пара алат.24Даанышмандык акылдуу адамдын көз алдында, ал эми акылсыздын көзү жердин түбүндө.25Акылсыз уул – атасынын шору, энесинин кайгысы.26Айыбы жокту айыптаган, чындык үчүн мырзаларды таяктаган жакшы эмес.27Акылдуу адам токтоолук менен сүйлөйт, акыл-эстүү адам сабырдуу болот.28Акылсыз адам унчукпай турганда акылдуу адам болуп көрүнүшү мүмкүн, ооз ачпаган адам акыл-эстүү адам болуп көрүнүшү мүмкүн.Kyrgyz Bible 2004 Институт перевода Библии Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Накыл Сөздөр 17 00:00:00 00:00:00 0.5x 2.0x https://beblia.bible:81/BibleAudio/kyrgyz2004/proverbs/017.mp3 31 17