× Тил Европа Орусча Беларусча Украинче Полякча Сербче Болгарча Словакия Чехче Румынча Молдова Азербайжан Армянча Грузинче Албанча Авар Башкыр Татар Чечен Словенияча Хорватча Эстончо Латвияча Литвача Венгерче Финче Норвежче Шведче Исландияча Грекче Македонияча Немисче Бавариялык Нидерландча Датча Валлийче Гаэл Ирландча Франсузча Баскча Каталанча Итальянча Galacian Romani Bosnian Түндүк Америка Англисче Түштүк Америка Испанча Португалча Гуарани Кечуан Aymara Борбордук Америка Ямайка Nahuatl Kiche Qeqchi Гаитиче Чыгыш Азия Кытайча Жапончо Корейче Монголчо Уйгур Хмонг Түштүк-Чыгыш Азия Малазиялык Бурмача Chin Непаличе Себуано Тагалогчо Камбоджа Тайча Индонезияча Вьетнамча Жанавизче Лао Ибан Иу Миен Качин Лаху Aceh Balinese Bugis Pampanga Sasak Shan Waray Түштүк Азия Хиндиче Одия Авадхи Mizo Каннадача Малаяламча Маратиче Гужаратиче Тамилче Телугуча Пунжабиче Курух Ассамча Maithili Бенгалча Урдуча Sinhala Догри Харянви Мейтей Конкани Сантали Синдиче Коя Тадо Санскрит Девангари Adilabad Gondi Ahirani Balochi Bundeli Chhattisgarhi Garhwali Kangri Kumaoni Mewari Munda Sadri Seraiki Shekhawati Sylheti Борбордук Азия Кыргызча Өзбекче Тажик Түркмөнчө Казакстан Karakalpak Орто Чыгыш Түркчө Еврейче Арабча Парсча Күрд Пуштунча Копт Африка Африкаансча Хосача Зулуча Ndebele Sotho Амхарча Wolaytta Нигериялык Mossi Ика Динка Kabyle Эв Свахиличе Марокко Сомалиялык Шона Мадагаскар Igbo Лингала Baoule Siswati Tsonga Tswana Гамбия Йорубача Камба Kinyarwanda Хаусача Chewa Luo Макуа Дюла Фулфульде Каленжин Кикую Кикванго Кирунди Крио Нигериялык Пиджин Oromo Тшилуба Тшивенда Тви Умбунду Лугбара Лугуру Пулдар Гусси Маасай Туркана Моба Нуэр Шиллюк Тамашек Маконде Bemba Fon Hadiyya Ibibio Kimbundu Kimiiru Lango Liberian Kreyol Lomwe Mende Morisyen Ndau Nyankole Sena Sidamo Soga Songe Sukuma Tarifit Teso Tiv Zande Австралия континенти Жаңы Зеландия Папуа-Жаңы Гвинея Эски тилдер Арамей Латынча Эсперанто 1 1 1 2004 200520041 1 1 Ошуя БашталышМисирденЛебилерСандарМыйзамды КайталооЖашыяБашкаруучуларРут1 Шемуел2 Шемуел1 Падышалар2 Падышалар1 Жылнаама2 ЖылнаамаЭзраНекемияЭстерАюбЗабурНакыл СөздөрНасаатчыЫрдын ЫрыЫшайаЖеремияЖеремиянын ЫйыЖезекиелДаниелОшуяЖоелАмосОбадияЖунусМихейНакумХабакукСепанияАкайЗахарияМалахия--- --- ---МатайМаркЛукаЖаканЭлчилерРимдиктерге1 Корунттуктар2 КорунттуктарГалатиялыктарЭфестиктерФилипиялыктарКолостуктар1 Тесалоникалыктар2 Тесалоникалыктар1 Тиметей2 ТиметейТитФилимонЭврейлерЖакып1 Петир2 Петир1 Жакан2 Жакан3 ЖаканЖүйүтАян1 1 1 2 12345678910111213141 1 1 : 1 12345678910111213141516171819202122231 1 1 Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Ошуя 2 Эскертүүлөрдү сактоо 1Бир туугандарыңарга “Ами (Менин элим)” деп айткыла, эже-карындаштарыңарга “Рухам (Ырайым кылынган)” деп айткыла.2Өзүңөрдүн энеңер менен соттошкула, соттошкула, анткени ал Менин аялым эмес, Мен анын күйөөсү эмесмин.3Мен аны энеден туума жылаңач кылып көрсөтүп, чөлгө, какшыган жерге айлантып, суусатып өлтүрбөшүм үчүн, ал жүзүнөн бузуктукту, төшүнөн ойноштукту четтетсин.4Анын балдарына ырайым кылбайм, анткени алар – бузуктуктун балдары.5Анткени алардын энеси бузуктук кылды. Аларды төрөгөн аял өзүн уят кылды, анткени ал: “Мага нан, суу, жүн, зыгыр, зайтун майын жана ичимдик берип жаткан ойношторумду ээрчийм”, – деген.6Ошон үчүн Мен анын жолун тикендер менен тосом, аны тосмо менен курчайм, ошондо ал өз жолун таппай калат.7Ойношторунун артынан чуркайт, бирок аларга жетпейт. Аларды издейт, бирок таппайт. Ошондо: “Мен биринчи күйөөмө кайра барайын, анткени мага ошол убакта азыркыга караганда жакшы болчу”, – деп айтат.8Бирок ага нанды, шарапты жана зайтун майын Мен бергенимди, анын алтын менен күмүшүн Мен көбөйткөнүмдү ал билген жок. Алар ошол алтын менен күмүштөн Баал бурканын жасашты.9Ошон үчүн эгин жыйноо маалы келгенде, Өз нанымды кайра алам, даяр болгондо, Өз шарабымды кайра алам, анын жылаңач этин жапкан Өзүмдүн жүнүм менен зыгырымды кайра тартып алам.10Ошентип, азыр Мен анын маскарачылыгын ойношторунун көз алдында ачам, аны Менин колумдан эч ким куткара албайт.11Анын бардык кубанычын: майрамдарын, ай жаңыргандагы майрамдарын, ишембилерин, бардык салтанаттуу жыйындарын токтотом.12“Бул белектерди мага ойношторум берген”, – деген анын жүзүм сабактары менен анжыр дарактарын кыйратам. Мен аларды токойго айлантам, ошондо аларды талаа жырткычтары жеп салышат.13Мен аны жыпар жыттуу зат түтөтүп, Баал буркандарына кызмат кылган күндөрү үчүн жазалайм. Ал сөйкөлөр менен шуруларды тагынып алып, ойношторунун артынан жүрдү, Мени болсо эсинен чыгарып койду, – дейт Теңир.14Ошондуктан Мен аны Өзүмө тартып, чөлгө алып барып, жүрөгүнө сүйлөйм.15Ошол жерден Мен ага өзүнүн жүзүмзарларын берем, Акор өрөөнүн үмүттүн босогосу кылып берем. Ал ошол жерде өзүнүн жаш күндөрүндөгүдөй, Мисир жеринен чыккан күнүндөгүдөй ырдайт.16Ошол күнү, – дейт Теңир, – сен Мени “Иши” деп чакырасың, ошондон кийин Мени “Баали” деп чакырбайсың.17Мен анын оозунан Баал буркандарынын ысымдарын алып салам, ошондон кийин алардын ысымдары эскерилбейт.18Ошол күнү алар үчүн талаа жырткычтары менен, асмандагы канаттуулар менен, жерде сойлоочу жаныбарлар менен келишим түзөм. Ал жерден жааны да, кылычты да, согушту да жок кылам, аларды коопсуз жашай турган кылам.19Мен сени менен түбөлүккө никелешем, Мен сени менен чындык жана адилеттиктин, ырайым жана боорукердиктин негизинде никелешем.20Мен сени менен ишенимдүүлүктүн негизинде никелешем, ошондо сен өзүңдүн Теңириңди таанып билесиң.21Ошол күнү Мен жооп берем, – дейт Теңир, – Мен асманга жооп берем, асман жерге жооп берет,22жер нанга, шарапка жана зайтун майына жооп берет, алар болсо Изрейелге жооп беришет.23Мен аны жерге Өзүм үчүн себем. Ло-Рухамды Рухам дейм, Ло-Амини Ами дейм, ал Мага: “Сен Менин Кудайымсың” – дейт».Kyrgyz Bible 2004 Институт перевода Библии Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Ошуя 2 00:00:00 00:00:00 0.5x 2.0x https://beblia.bible:81/BibleAudio/kyrgyz2004/hosea/002.mp3 14 2