× Тил Европа Орусча Беларусча Украинче Полякча Сербче Болгарча Словакия Чехче Румынча Молдова Азербайжан Армянча Грузинче Албанча Авар Башкыр Татар Чечен Словенияча Хорватча Эстончо Латвияча Литвача Венгерче Финче Норвежче Шведче Исландияча Грекче Македонияча Немисче Бавариялык Нидерландча Датча Валлийче Гаэл Ирландча Франсузча Баскча Каталанча Итальянча Galacian Romani Bosnian Kabardian Түндүк Америка Англисче Түштүк Америка Испанча Португалча Гуарани Кечуан Aymara Борбордук Америка Ямайка Nahuatl Kiche Qeqchi Гаитиче Чыгыш Азия Кытайча Жапончо Корейче Монголчо Уйгур Хмонг Tibetian Түштүк-Чыгыш Азия Малазиялык Бурмача Chin Непаличе Себуано Тагалогчо Камбоджа Тайча Индонезияча Сунданча Вьетнамча Жанавизче Лао Ибан Иу Миен Качин Лаху Aceh Balinese Bugis Pampanga Sasak Shan Waray Түштүк Азия Хиндиче Одия Авадхи Mizo Каннадача Малаяламча Маратиче Гужаратиче Тамилче Телугуча Пунжабиче Курух Ассамча Maithili Бенгалча Урдуча Sinhala Догри Харянви Мейтей Конкани Сантали Синдиче Коя Тадо Санскрит Девангари Adilabad Gondi Ahirani Balochi Bundeli Chhattisgarhi Garhwali Kangri Kumaoni Mewari Munda Sadri Seraiki Shekhawati Sylheti Bagri Bhilali Bodo Braj Tulu Борбордук Азия Кыргызча Өзбекче Тажик Түркмөнчө Казакстан Karakalpak Орто Чыгыш Түркчө Еврейче Арабча Парсча Күрд Mazanderani Пуштунча Копт Африка Африкаансча Хосача Зулуча Ndebele Sotho Амхарча Wolaytta Нигериялык Mossi Ика Динка Kabyle Эв Свахиличе Марокко Сомалиялык Шона Мадагаскар Igbo Лингала Baoule Siswati Tsonga Tswana Гамбия Йорубача Камба Kinyarwanda Хаусача Chewa Luo Макуа Дюла Фулфульде Каленжин Кикую Кикванго Кирунди Крио Нигериялык Пиджин Oromo Тшилуба Тшивенда Тви Умбунду Лугбара Лугуру Пулдар Гусси Маасай Туркана Моба Нуэр Шиллюк Тамашек Маконде Bemba Fon Hadiyya Ibibio Kimbundu Kimiiru Lango Liberian Kreyol Lomwe Mende Morisyen Ndau Nyankole Sena Sidamo Soga Songe Sukuma Tarifit Teso Tiv Zande Dagbani Edo Kituba Австралия континенти Жаңы Зеландия Папуа-Жаңы Гвинея Эски тилдер Арамей Латынча Эсперанто 1 1 1 2004 200520041 1 1 Матай БашталышМисирденЛебилерСандарМыйзамды КайталооЖашыяБашкаруучуларРут1 Шемуел2 Шемуел1 Падышалар2 Падышалар1 Жылнаама2 ЖылнаамаЭзраНекемияЭстерАюбЗабурНакыл СөздөрНасаатчыЫрдын ЫрыЫшайаЖеремияЖеремиянын ЫйыЖезекиелДаниелОшуяЖоелАмосОбадияЖунусМихейНакумХабакукСепанияАкайЗахарияМалахия--- --- ---МатайМаркЛукаЖаканЭлчилерРимдиктерге1 Корунттуктар2 КорунттуктарГалатиялыктарЭфестиктерФилипиялыктарКолостуктар1 Тесалоникалыктар2 Тесалоникалыктар1 Тиметей2 ТиметейТитФилимонЭврейлерЖакып1 Петир2 Петир1 Жакан2 Жакан3 ЖаканЖүйүтАян1 1 1 1 123456789101112131415161718192021222324252627281 1 1 : 1 123456789101112131415161718192021222324251 1 1 Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Матай 1 Эскертүүлөрдү сактоо 1Ыйса Машайактын санжырасы: Ал – Дөөттүн Уулу, Ал – Ыбрайымдын Уулу.2Ыбрайымдан Ыскак, Ыскактан Жакып, Жакыптан Жүйүт жана дагы башка балдар төрөлгөн.3Жүйүт менен Тамардан Перес менен Зерак төрөлгөн. Перестен Хесрон, Хесрондон Рам төрөлгөн.4Рамдан Аминадап, Аминадаптан Нахшон, Нахшондон Салмон төрөлгөн.5Салмон менен Рахаптан Бууз төрөлгөн. Бууз менен Руттан Обейт төрөлгөн. Обейттен Жышай төрөлгөн.6Жышайдан Дөөт падыша төрөлгөн. Дөөттөн Сулайман төрөлгөн. Сулаймандын энеси мурун Урийдин аялы болчу.7Сулаймандан Рехабам, Рехабамдан Абиям, Абиямдан Аса,8Асадан Жошапат, Жошапаттан Жорам, Жорамдан Узия,9Узиядан Жотам, Жотамдан Ахаз, Ахаздан Хиския,10Хискиядан Менаше, Менашеден Амон, Амондон Жошия төрөлгөн.11Бабыл өлкөсүнө туткундалып бара жатканда, Жошиядан Жайаким, Жайакимден Жайахин жана дагы башка балдар төрөлгөн.12Бабыл өлкөсүнө туткундалып баргандан кийин, Жайахинден Шалем төрөлгөн. Шалемден Зоробабыл,13Зоробабылдан Абыйут, Абыйуттан Элийаким, Элийакимден Адзор,14Адзордон Садок, Садоктон Аким, Акимден Элийут,15Элийуттан Элазар, Элазардан Матан, Матандан Жакып төрөлгөн.16Жакыптан Мариямдын күйөөсү Жусуп төрөлгөн. Мариямдан Машайак деп аталган Ыйса төрөлдү.17Ошентип, Ыбрайымдан Дөөткө чейин бардыгы болуп он төрт муун, Дөөттөн Бабыл туткундугу убагына чейин он төрт муун, Бабыл туткундугу убагынан Машайак төрөлгөнгө чейин он төрт муун.18Ыйса Машайактын төрөлүшү мындай болду: Анын энеси Мариям Жусуп менен убадалашып койгон. Бирок алардын никеси кыйыла электе эле, Мариямдын Ыйык Рухтан кош бойлуу болгону белгилүү болду.19Анын болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан, Мариямды эл алдында уятка калтыргысы келген жок. Ошондуктан ал Мариям менен бекиткен убадасын жашыруун бузууну ойлоду.20Ушундай ойго келген кезде, Теңирдин периштеси ага түшүндө көрүнүп, мындай деди: «Жусуп, Дөөттүн уулу! Мариямды аялдыкка алуудан коркпо, анткени анын боюна бүткөн бала Ыйык Рухтан.21Ал Уул төрөйт, Анын ысымын Ыйса деп койгун. Анткени Ал Өз элин күнөөлөрүнөн куткарат».22Булардын баары Теңирдин Ышайа пайгамбар аркылуу «Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, анын ысымын Эмануел деп коюшат» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. Бул ысым «Кудай биз менен» деп которулат.23***24Жусуп ойгонгондон кийин, Теңирдин периштеси буйругандай кылды. Ал Мариямды аялдыкка алды.25Бирок Мариям Уулун төрөгүчө, Жусуп ага жакындаган жок. Уул төрөлгөндө, Жусуп Анын ысымын Ыйса деп койду.Kyrgyz Bible 2004 Институт перевода Библии Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Матай 1 00:00:00 00:00:00 0.5x 2.0x https://beblia.bible:81/BibleAudio/kyrgyz2004/matthew/001.mp3 28 1