× Тил Европа Орусча Беларусча Украинче Полякча Сербче Болгарча Словакия Чехче Румынча Молдова Азербайжан Армянча Грузинче Албанча Авар Башкыр Татар Чечен Словенияча Хорватча Эстончо Латвияча Литвача Венгерче Финче Норвежче Шведче Исландияча Грекче Македонияча Немисче Бавариялык Нидерландча Датча Валлийче Гаэл Ирландча Франсузча Баскча Каталанча Итальянча Galacian Romani Bosnian Түндүк Америка Англисче Түштүк Америка Испанча Португалча Гуарани Кечуан Aymara Борбордук Америка Ямайка Nahuatl Kiche Qeqchi Гаитиче Чыгыш Азия Кытайча Жапончо Корейче Монголчо Уйгур Хмонг Түштүк-Чыгыш Азия Малазиялык Бурмача Chin Непаличе Себуано Тагалогчо Камбоджа Тайча Индонезияча Вьетнамча Жанавизче Лао Ибан Иу Миен Качин Лаху Aceh Balinese Bugis Pampanga Sasak Shan Waray Түштүк Азия Хиндиче Одия Авадхи Mizo Каннадача Малаяламча Маратиче Гужаратиче Тамилче Телугуча Пунжабиче Курух Ассамча Maithili Бенгалча Урдуча Sinhala Догри Харянви Мейтей Конкани Сантали Синдиче Коя Тадо Санскрит Девангари Adilabad Gondi Ahirani Balochi Bundeli Chhattisgarhi Garhwali Kangri Kumaoni Mewari Munda Sadri Seraiki Shekhawati Sylheti Борбордук Азия Кыргызча Өзбекче Тажик Түркмөнчө Казакстан Karakalpak Орто Чыгыш Түркчө Еврейче Арабча Парсча Күрд Пуштунча Копт Африка Африкаансча Хосача Зулуча Ndebele Sotho Амхарча Wolaytta Нигериялык Mossi Ика Динка Kabyle Эв Свахиличе Марокко Сомалиялык Шона Мадагаскар Igbo Лингала Baoule Siswati Tsonga Tswana Гамбия Йорубача Камба Kinyarwanda Хаусача Chewa Luo Макуа Дюла Фулфульде Каленжин Кикую Кикванго Кирунди Крио Нигериялык Пиджин Oromo Тшилуба Тшивенда Тви Умбунду Лугбара Лугуру Пулдар Гусси Маасай Туркана Моба Нуэр Шиллюк Тамашек Маконде Bemba Fon Hadiyya Ibibio Kimbundu Kimiiru Lango Liberian Kreyol Lomwe Mende Morisyen Ndau Nyankole Sena Sidamo Soga Songe Sukuma Tarifit Teso Tiv Zande Dagbani Австралия континенти Жаңы Зеландия Папуа-Жаңы Гвинея Эски тилдер Арамей Латынча Эсперанто 1 1 1 2004 200520041 1 1 Марк БашталышМисирденЛебилерСандарМыйзамды КайталооЖашыяБашкаруучуларРут1 Шемуел2 Шемуел1 Падышалар2 Падышалар1 Жылнаама2 ЖылнаамаЭзраНекемияЭстерАюбЗабурНакыл СөздөрНасаатчыЫрдын ЫрыЫшайаЖеремияЖеремиянын ЫйыЖезекиелДаниелОшуяЖоелАмосОбадияЖунусМихейНакумХабакукСепанияАкайЗахарияМалахия--- --- ---МатайМаркЛукаЖаканЭлчилерРимдиктерге1 Корунттуктар2 КорунттуктарГалатиялыктарЭфестиктерФилипиялыктарКолостуктар1 Тесалоникалыктар2 Тесалоникалыктар1 Тиметей2 ТиметейТитФилимонЭврейлерЖакып1 Петир2 Петир1 Жакан2 Жакан3 ЖаканЖүйүтАян1 1 1 1 123456789101112131415161 1 1 : 1 1234567891011121314151617181920212223242526272829303132333435363738394041424344451 1 1 Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Марк 1 Эскертүүлөрдү сактоо 1Кудайдын Уулу Ыйса Машайактын Жакшы Кабарынын башталышы.2Пайгамбарлардын китептеринде: «Мына, Мен Сенден мурун Өзүмдүн периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт»;3«Теңирге жол даярдагыла. Ал үчүн жолдорду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган үн угулат», – деп жазылгандай,4чөмүлдүрүүчү Жакан келип, ээн талаада сууга чөмүлдүрүп, мындай деп жар салды: «Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, сууга чөмүлдүрүлгүлө».5Бүт Жүйүт эли жана бардык иерусалимдиктер ага келип, күнөөлөрүн моюндарына алып, ачык айтып жатышты. Жакан аларды Иордан дарыясына чөмүлдүрүп жатты.6Жакан төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү. Ал чегиртке менен жапайы бал жечү.7Жакан элге мындай деп жар салды: «Менин артымдан менден Күчтүү келе жатат. Мен эңкейип, Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын.8Мен силерди сууга чөмүлдүрдүм, Ал болсо Ыйык Рухка чөмүлдүрөт».9Ошол күндөрдө Галилеянын Назарет шаарынан Ыйса келип, Жакан тарабынан Иордан суусуна чөмүлдүрүлдү.10Ал суудан чыкканда, (Жакан) ачылган асманды жана Рухтун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын көрдү.11Ошондо асмандан «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын» деген үн угулду.12Ошол замат Рух Аны чөлгө алып барды.13Ыйса чөлдө кырк күн болуп, шайтан тарабынан сыналды. Ал жырткычтар менен бирге болду. Периштелер Ага кызмат кылышты.14Жакан камакка алынгандан кийин, Ыйса Галилеяга келип, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө жар салып:15«Убакыт келди, Кудайдын Падышачылыгы жакындап калды. Тобо кылгыла, Жакшы Кабарга ишенгиле», – деди.16Ыйса Галилея көлүнүн жээги менен бара жатып, көлгө тор салып жаткан Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди көрдү. Алар балыкчылар эле.17Ошондо Ыйса аларга: «Менин артымдан ээрчигиле, Мен силерди адам кармоочу кылам», – деди.18Алар ошол замат торлорун таштап, Анын артынан ээрчип жөнөштү.19Бир аз нары баскандан кийин, Ал Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды көрдү. Алар кайыктын ичинде тор оңдоп отурушкан эле.20Ошол замат Ыйса аларды чакырды. Ошондо алар атасы Зебедейди жумушчулары менен кайыкка калтырып, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү.21Алар Капернаумга келишти. Ыйса ишемби күнү синагогага кирип, элди окутту.22Эл Анын окутуусуна таң калды. Анткени Ыйса аларды мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту.23Алардын синагогасында жин оорулуу бир адам бар эле. Ал ошол замат:24«Эй, назареттик Ыйса! Бизде эмне ишиң бар? Сен бизди жок кылганы келдиңби? Сенин ким экениңди билем, Сен Кудайдын Ыйыгысың!» – деп кыйкырды.25Бирок Ыйса жинге: «Үнүңдү бас да, анын ичинен чыгып кет!» – деп тыюу салды.26Ошондо жин ал адамды калтыратып жана катуу кыйкыртып, анын ичинен чыгып кетти.27Бардыгынын үрөйлөрү учуп, бири-бирине: «Бул эмнеси? Бул эмне деген жаңы окутуу?! Ал жиндерге бийлик менен буйрук берип жатат, алар болсо Ага баш ийип жатышат», – дешти.28Ал жөнүндөгү кабар Галилеянын туш тарабына тез эле тарап кетти.29Ыйса синагогадан чыккандан кийин, Жакыпты, Жаканды ээрчитип, түз эле Шымон менен Андрейдин үйүнө келди.30Шымондун кайненеси ысытма оорусу менен ооруп жаткан. Ыйсага дароо ал жөнүндө айтышты.31Ошондо Ыйса оорулуунун жанына келип, колунан кармап тургузду. Аял ысытма оорусунан ошол замат айыгып, аларга кызмат кыла баштады.32Күн батып, кеч киргенде, Ага бардык оорулууларды жана жин оорулууларды алып келишти.33Шаардын бардык эли эшиктин алдына чогулду.34Ыйса ар кандай оорудан азап чеккен көптөгөн адамдарды айыктырды, көптөгөн адамдардын ичинен жиндерди кууп чыгарды, алардын сүйлөшүнө жол берген жок. Анткени жиндер Анын Машайак экендигин билишчү.35Эртеси Ыйса таң ата электе туруп, үйдөн чыгып, ээн жерге барып сыйынды.36Шымон жана анын жанындагылар Ыйсаны издеп жөнөштү.37Аны табышканда: «Бардыгы Сени издеп жатышат!» – дешти.38Ыйса аларга: «Жакын жердеги башка кыштактарга, шаарларга баралы. Мен ошол жерлерде да Жакшы Кабар айтышым керек. Анткени Мен ошон үчүн келгем», – деди.39Ошентип, Ал бүткүл Галилеяны аралап, алардын синагогаларында элди окутуп, жин оорулуу адамдардан жиндерди кууп чыгарып жүрдү.40Ыйсага пес оорулуу бир адам келип, тизелеп жыгылды да: «Эгерде Сен кааласаң, мени таза кыла аласың», – деп жалынды.41Ыйса боор ооруп, ага колун тийгизди да: «Каалайм, таза бол!» – деди.42Ошол замат ал пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.43Ыйса болсо ага: «Эч кимге эч нерсе айтпагын!» – деп, катуу эскертти да:44«Барып, ыйык кызмат кылуучуга көрүн, тазаланууң үчүн, Муса буйруган курмандыкты чал. Бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деп, кетирип жиберди.45Ал болсо ал жерден кетти да, болгон окуяны элге жая баштады. Ошондуктан Ыйса шаарга ачык кире албай, шаардын сыртындагы ээн жерлерде болду. Ошондо да Ага бардык жерден эл келип жатты.Kyrgyz Bible 2004 Институт перевода Библии Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Марк 1 00:00:00 00:00:00 0.5x 2.0x https://beblia.bible:81/BibleAudio/kyrgyz2004/mark/001.mp3 16 1