× Тил Европа Орусча Беларусча Украинче Полякча Сербче Болгарча Словакия Чехче Румынча Молдова Азербайжан Армянча Грузинче Албанча Авар Башкыр Татар Чечен Словенияча Хорватча Эстончо Латвияча Литвача Венгерче Финче Норвежче Шведче Исландияча Грекче Македонияча Немисче Бавариялык Нидерландча Датча Валлийче Гаэл Ирландча Франсузча Баскча Каталанча Итальянча Galacian Romani Bosnian Түндүк Америка Англисче Түштүк Америка Испанча Португалча Гуарани Кечуан Aymara Борбордук Америка Ямайка Nahuatl Kiche Qeqchi Гаитиче Чыгыш Азия Кытайча Жапончо Корейче Монголчо Уйгур Хмонг Түштүк-Чыгыш Азия Малазиялык Бурмача Chin Непаличе Себуано Тагалогчо Камбоджа Тайча Индонезияча Вьетнамча Жанавизче Лао Ибан Иу Миен Качин Лаху Aceh Balinese Bugis Pampanga Sasak Shan Waray Түштүк Азия Хиндиче Одия Авадхи Mizo Каннадача Малаяламча Маратиче Гужаратиче Тамилче Телугуча Пунжабиче Курух Ассамча Maithili Бенгалча Урдуча Sinhala Догри Харянви Мейтей Конкани Сантали Синдиче Коя Тадо Санскрит Девангари Adilabad Gondi Ahirani Balochi Bundeli Chhattisgarhi Garhwali Kangri Kumaoni Mewari Munda Sadri Seraiki Shekhawati Sylheti Борбордук Азия Кыргызча Өзбекче Тажик Түркмөнчө Казакстан Karakalpak Орто Чыгыш Түркчө Еврейче Арабча Парсча Күрд Пуштунча Копт Африка Африкаансча Хосача Зулуча Ndebele Sotho Амхарча Wolaytta Нигериялык Mossi Ика Динка Kabyle Эв Свахиличе Марокко Сомалиялык Шона Мадагаскар Igbo Лингала Baoule Siswati Tsonga Tswana Гамбия Йорубача Камба Kinyarwanda Хаусача Chewa Luo Макуа Дюла Фулфульде Каленжин Кикую Кикванго Кирунди Крио Нигериялык Пиджин Oromo Тшилуба Тшивенда Тви Умбунду Лугбара Лугуру Пулдар Гусси Маасай Туркана Моба Нуэр Шиллюк Тамашек Маконде Bemba Fon Hadiyya Ibibio Kimbundu Kimiiru Lango Liberian Kreyol Lomwe Mende Morisyen Ndau Nyankole Sena Sidamo Soga Songe Sukuma Tarifit Teso Tiv Zande Dagbani Австралия континенти Жаңы Зеландия Папуа-Жаңы Гвинея Эски тилдер Арамей Латынча Эсперанто 1 1 1 2004 200520041 1 1 Лука БашталышМисирденЛебилерСандарМыйзамды КайталооЖашыяБашкаруучуларРут1 Шемуел2 Шемуел1 Падышалар2 Падышалар1 Жылнаама2 ЖылнаамаЭзраНекемияЭстерАюбЗабурНакыл СөздөрНасаатчыЫрдын ЫрыЫшайаЖеремияЖеремиянын ЫйыЖезекиелДаниелОшуяЖоелАмосОбадияЖунусМихейНакумХабакукСепанияАкайЗахарияМалахия--- --- ---МатайМаркЛукаЖаканЭлчилерРимдиктерге1 Корунттуктар2 КорунттуктарГалатиялыктарЭфестиктерФилипиялыктарКолостуктар1 Тесалоникалыктар2 Тесалоникалыктар1 Тиметей2 ТиметейТитФилимонЭврейлерЖакып1 Петир2 Петир1 Жакан2 Жакан3 ЖаканЖүйүтАян1 1 1 1 1234567891011121314151617181920212223241 1 1 : 1 12345678910111213141516171819202122232425262728293031323334353637383940414243444546474849505152535455565758596061626364656667686970717273747576777879801 1 1 Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Лука 1 Эскертүүлөрдү сактоо 1Урматтуу Теопил! Биздин арабызда кеңири белгилүү болгон окуялар жөнүндө көптөгөн адамдар баяндап жаза башташты.2Бизге ал окуяларды башынан бери өз көзү менен көргөндөр жана Кудайдын Сөзүн таратуучулар айтышкан эле.3Ошондуктан бардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыкканымдан кийин, мен да сага ирети менен баяндап жазып жиберүүнү туура таптым.4Бул аркылуу сен өзүң уккан сөздөрдүн чындык экендигин билип каласың.5Жүйүт падышасы Ироддун убагында Абия тобунда Захария аттуу ыйык кызмат кылуучу болгон. Анын Арун уруусунан чыккан Элизабет деген аялы бар эле.6Экөө тең Теңирдин осуяттары менен көрсөтмөлөрүн так аткарып, Кудай алдында адил жашашчу.7Элизабет төрөбөс болгондуктан, алардын балдары жок болчу. Экөө тең карып калышкан эле.8Бир күнү Захария өз кезеги боюнча Кудай алдында кызмат кылып жатканда,9ыйык кызмат кылуучулардын салты боюнча өкчөмө таш ыргытылып, ага Теңирдин ийбадатканасына кирип жыпар жыттуу зат түтөтүү кызматы тийди.10Жыпар жыттуу зат түтөтүлүп жаткан учурда, көп эл сыртта сыйынып турду.11Ошондо ага Теңирдин периштеси көрүндү. Периште жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайдын оң жагында турду.12Захария аны көргөндө, селт эте түштү. Аны коркунуч басты.13Периште болсо ага мындай деди: «Коркпо, Захария! Анткени сенин сыйынууң угулду. Аялың Элизабет сага уул төрөп берет, анын ысымын Жакан коёсуң.14Сен кубанычка, шаттыкка бөлөнөсүң, анын төрөлгөнүнө көптөр сүйүнүшөт.15Анткени ал Теңирдин алдында улуу адам болот. Шарап да, күчтүү ичкилик да ичпейт. Энесинин ичинде жатканда эле Ыйык Рухка толот.16Ысрайыл уулдарынын көпчүлүгүн өздөрүнүн Кудай-Теңирине бурат.17Аталарынын жүрөгүн балдарына, баш ийбегендерди адил адамдардын ойлонуу жолуна буруп, даярдалган элди Теңирге алып келүү үчүн, ал Илияс пайгамбардын руху жана күчү менен Анын алдында келет».18Ошондо Захария периштеге: «Мен муну эмнеден улам билем? Анткени мен карып калдым, аялым да карыды», – деди.19Периште ага мындай деп жооп берди: «Мен Кудай алдында туруучу Жебирейилмин, сени менен сүйлөшүү үчүн, сага ушул жакшы кабарды билдирүү үчүн жиберилгем.20Сен менин өз убагы келгенде орундала турган сөздөрүмө ишенбегендигиң үчүн, тилден калып, бул ишке ашкан күнгө чейин сүйлөбөйсүң».21Ошол учурда Захарияны күтүп турган эл анын ийбадатканада кармалып жатканына таң калды.22Ал сыртка чыкканда, элге сүйлөй албай койду. Ошондо алар анын ийбадатканада көрүнүш көргөнүн түшүнүштү. Захария аларга жаңсап түшүндүрдү, анткени ал дудук болуп, сүйлөй албай калган эле.23Кызмат кыла турган күндөрү бүткөндөн кийин, ал үйүнө кайтты.24Ошол күндөрдөн кийин анын аялы Элизабеттин боюна бүтүп, беш ай бою жашырынып жүрдү.25«Мени элдин шылдыңынан куткарыш үчүн, Теңир ушул күндөрдө мага назарын салып, ушундай кылды», – деди ал.26Алтынчы айда Кудай Галилеянын Назарет деген шаарына,27Дөөт тукумунан чыккан Жусуп деген адам менен убадалашып койгон кызга Жебирейил периштени жиберди. Кыздын ысымы Мариям эле.28Периште ага келип: «Салам, Кудайдан ырайым тапкан кыз! Теңир сени менен! Аялдардын ичинен сен баталуусуң!» – деди.29Периштенин сөзүнө апкаарый түшкөн Мариям бул саламдашуу эмнени билдирет деп, ойлонуп калды.30Ошондо периште ага мындай деди: «Коркпо, Мариям! Анткени сен Кудайдан ырайым таптың.31Боюңа бүтүп, Уул төрөйсүң, Анын ысымын Ыйса коёсуң.32Ал улуу болот жана Бардыгынан Жогору Тургандын Уулу деп аталат. Кудай-Теңир Ага атасы Дөөттүн тагын берет.33Ал Жакыптын тукумуна түбөлүккө падышачылык кылат, Анын падышачылыгынын чеги болбойт».34Мариям периштеден: «Эркек көрбөсөм, бул кандайча болот?» – деп сурады.35Периште ага мындай деп жооп берди: «Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт. Сени Бардыгынан Жогору Тургандын күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган Ыйыкка Кудайдын Уулу деген ысым берилет.36“Төрөбөс” деп аталган тууганың Элизабет да карыганда кош бойлуу болду. Ал уул төрөйт, анын боюна бүткөнүнө алты ай болду.37Анткени Кудайдын бир да сөзү күчүн жоготпойт».38Ошондо Мариям: «Мен мына, мен Теңирдин кулумун. Мага сен айткандай болсун», – деди. Ошондон кийин периште анын жанынан кетти.39Ошол күндөрдүн биринде Мариям тоолуу Жүйүт өлкөсүнүн бир шаарына шашылыш түрдө жөнөдү.40Ал Захариянын үйүнө кирип, Элизабет менен саламдашты.41Мариямдын саламын укканда, Элизабеттин ичиндеги баласы туйлап жиберди. Ошондо Элизабет Ыйык Рухка толуп,42үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Аялдардын ичинен сен баталуусуң, ичиңдеги бала да баталуу!43Теңиримдин энеси мага келгидей, мен киммин?44Анткени сенин саламыңды укканымда, ичимдеги бала кубанычтан туйлап жиберди.45Ишенгениң үчүн бактылуусуң, анткени Теңирдин сага айткан сөзү аткарылат».46Мариям мындай деди: «Менин жаным Теңирди даңктайт.47Куткаруучум Кудайды ойлоп, рухум кубанды.48Анткени Ал Өзүнүн кулунун момундугуна назарын салды. Анткени мындан ары бардык муундар мени “бактылуу” дешет.49Анткени Кудуреттүү мага улуу иш жасады. Анын ысымы ыйык.50Ал Өзүнөн корккондорго укумдан-тукумга ырайым кылат.51Ал Өзүнүн колунун күчүн көрсөттү. Жүрөгүндөгү ойлору текеберлерди чачыратып жиберди.52Күчтүүлөрдү тактыларынан түшүрүп, момундарды көтөрдү.53Ачкаларга ырыскыны мол берди, байларды болсо куру кол коё берди.54Биздин ата-бабаларыбызга, Ыбрайымга жана анын тукумуна түбөлүккө ырайым кылууну убада кылганын эстеп, Өзүнүн кулу Ысрайылга жардамга келди».55***56Мариям Элизабеттин жанында үч айга жакын болуп, үйүнө кайтты.57Элизабеттин төрөр маалы келип, уул төрөдү.58Теңирдин ага улуу ырайым көрсөткөнүн уккан анын коңшулары менен туугандары аны менен бирге кубанышты.59Сегизинчи күнү баланы сүннөткө отургузууга келишти. Ага атасы Захариянын ысымын коймокчу болушту.60Бирок баланын энеси: «Жок, анын ысымын Жакан коёбуз», – деди.61Ошондо алар ага: «Сенин урук-тукумуңда мындай аттуу эч ким жок да», – дешти.62Анан баланын атасынан кандай ат койгусу келерин жаңсап сурашты.63Ал тактайча талап кылып, «Анын ысымы – Жакан» деп жазды. Бардыгы таң калышты.64Ошол замат Захарияга тил кирип, Кудайды даңктай баштады.65Алардын тегерегинде жашагандардын бардыгын коркунуч басты. Бул жөнүндө тоолуу Жүйүт аймагынын бүт жерине сөз тарады.66Уккандардын бардыгы муну көкүрөгүнө түйүп: «Бул бала ким болор экен?» – дешти. Аны Кудай Өзү колдоп жүрдү.67Анын атасы Захария Ыйык Рухка толуп, мындай деп пайгамбарчылык кылды:68«Ысрайылдын Кудай-Теңирине алкыш! Анткени Ал Өз элине келип, аны кун төлөп куткарып алды.69Байыртадан бери Өзүнүн ыйык пайгамбарлары аркылуу айтып келгендей,70Өз кулу Дөөттүн тукумунан биз үчүн куткаруу мүйүзүн көтөрдү.71Ал бизди душмандарыбыздан, бизди жек көргөндөрдүн колунан куткарды.72Биздин ата-бабаларыбызга ырайым кылып, Өзүнүн ыйык келишимин эстеди.73Өмүрүбүз өткөнчө Анын алдында, Ага ыйыктык жана адилеттүүлүк менен,74коркпостон кызмат кылышыбыз үчүн, Ал атабыз Ыбрайымга бизди душмандарыбыздын колунан куткарууну убада кылган.75***76Сен да, наристе, Бардыгынан Жогору Тургандын пайгамбары деп аталасың. Анткени сен Теңирге жол даярдаш үчүн,77Кудайдын улуу боорукердиги боюнча күнөөлөрү кечирилип, куткарыларын Анын элине түшүндүрүш үчүн, Анын алдында келесиң.78Ошол улуу боорукердик боюнча бизди тынчтыктын жолуна салуу үчүн,79караңгычылыкта жана өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык берүү үчүн, жогорудан бизге Жарык келди».80Бала болсо чоңоюп, күндөн күнгө руху бекемделип жатты. Ал өзүнүн Ысрайыл элине келгенге чейин ээн талаада жашады.Kyrgyz Bible 2004 Институт перевода Библии Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Лука 1 00:00:00 00:00:00 0.5x 2.0x https://beblia.bible:81/BibleAudio/kyrgyz2004/luke/001.mp3 24 1