× Тил Европа Орусча Беларусча Украинче Полякча Сербче Болгарча Словакия Чехче Румынча Молдова Азербайжан Армянча Грузинче Албанча Авар Башкыр Татар Чечен Словенияча Хорватча Эстончо Латвияча Литвача Венгерче Финче Норвежче Шведче Исландияча Грекче Македонияча Немисче Бавариялык Нидерландча Датча Валлийче Гаэл Ирландча Франсузча Баскча Каталанча Итальянча Galacian Romani Bosnian Kabardian Түндүк Америка Англисче Түштүк Америка Испанча Португалча Гуарани Кечуан Aymara Борбордук Америка Ямайка Nahuatl Kiche Qeqchi Гаитиче Чыгыш Азия Кытайча Жапончо Корейче Монголчо Уйгур Хмонг Tibetian Түштүк-Чыгыш Азия Малазиялык Бурмача Chin Непаличе Себуано Тагалогчо Камбоджа Тайча Индонезияча Сунданча Вьетнамча Жанавизче Лао Ибан Иу Миен Качин Лаху Aceh Balinese Bugis Pampanga Sasak Shan Waray Түштүк Азия Хиндиче Одия Авадхи Mizo Каннадача Малаяламча Маратиче Гужаратиче Тамилче Телугуча Пунжабиче Курух Ассамча Maithili Бенгалча Урдуча Sinhala Догри Харянви Мейтей Конкани Сантали Синдиче Коя Тадо Санскрит Девангари Adilabad Gondi Ahirani Balochi Bundeli Chhattisgarhi Garhwali Kangri Kumaoni Mewari Munda Sadri Seraiki Shekhawati Sylheti Bagri Bhilali Bodo Braj Tulu Борбордук Азия Кыргызча Өзбекче Тажик Түркмөнчө Казакстан Karakalpak Орто Чыгыш Түркчө Еврейче Арабча Парсча Күрд Mazanderani Пуштунча Копт Африка Африкаансча Хосача Зулуча Ndebele Sotho Амхарча Wolaytta Нигериялык Mossi Ика Динка Kabyle Эв Свахиличе Марокко Сомалиялык Шона Мадагаскар Igbo Лингала Baoule Siswati Tsonga Tswana Гамбия Йорубача Камба Kinyarwanda Хаусача Chewa Luo Макуа Дюла Фулфульде Каленжин Кикую Кикванго Кирунди Крио Нигериялык Пиджин Oromo Тшилуба Тшивенда Тви Умбунду Лугбара Лугуру Пулдар Гусси Маасай Туркана Моба Нуэр Шиллюк Тамашек Маконде Bemba Fon Hadiyya Ibibio Kimbundu Kimiiru Lango Liberian Kreyol Lomwe Mende Morisyen Ndau Nyankole Sena Sidamo Soga Songe Sukuma Tarifit Teso Tiv Zande Dagbani Edo Kituba Австралия континенти Жаңы Зеландия Папуа-Жаңы Гвинея Эски тилдер Арамей Латынча Эсперанто 1 1 1 2004 200520041 1 1 Эфестиктер БашталышМисирденЛебилерСандарМыйзамды КайталооЖашыяБашкаруучуларРут1 Шемуел2 Шемуел1 Падышалар2 Падышалар1 Жылнаама2 ЖылнаамаЭзраНекемияЭстерАюбЗабурНакыл СөздөрНасаатчыЫрдын ЫрыЫшайаЖеремияЖеремиянын ЫйыЖезекиелДаниелОшуяЖоелАмосОбадияЖунусМихейНакумХабакукСепанияАкайЗахарияМалахия--- --- ---МатайМаркЛукаЖаканЭлчилерРимдиктерге1 Корунттуктар2 КорунттуктарГалатиялыктарЭфестиктерФилипиялыктарКолостуктар1 Тесалоникалыктар2 Тесалоникалыктар1 Тиметей2 ТиметейТитФилимонЭврейлерЖакып1 Петир2 Петир1 Жакан2 Жакан3 ЖаканЖүйүтАян1 1 1 4 1234561 1 1 : 1 12345678910111213141516171819202122232425262728293031321 1 1 Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Эфестиктер 4 Эскертүүлөрдү сактоо 1Ошентип, Теңир үчүн туткун болгон мен силерден өтүнөмүн: Кудай тарабынан чакырылып алынганыңарга ылайык жашагыла,2бардык учурда момун, жоош жана чыдамдуу болгула, бири-бириңерге сүйүү менен мамиле кылып, көтөрүмдүү болгула.3Рух биримдигин тынчтык байланышы аркылуу сактоого аракеттенгиле.4Дене бирөө, Рух бирөө, чакырылып алынганыңарда, бир үмүткө чакырылгансыңар.5Теңир бирөө, ишеним бирөө, чөмүлдүрүү бирөө,6бардыгынын үстүндө, бардыгы аркылуу жана бардыгынын ичинде болгон, бардыгынын Кудайы жана Атасы бирөө.7Машайактын чени менен ар бирибизге ырайым берилген.8Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Жогоруга чыкты, туткундоону туткундады, адамдарга белектерди берди», – деп айтылган.9Ал эми «чыкты» деген сөздүн мааниси Машайак адегенде жердин түпкүрүнө түштү дегенди билдирбейби?10Төмөн түшкөн да, бардыгын толтуруш үчүн, асмандан жогору көтөрүлгөн да – Ал.11Бардыгыбыздын ишенимибиз жана Кудай Уулун таанып билүүбүз бирдей деңгээлге жеткенге чейин,12жеткилең адамдын, Машайактын деңгээлине жеткенге чейин, Машайактын Денесин түзүүдө ыйыктарды кызмат кылууга жөндөмдүү кылуу үчүн,13Ал бирөөлөрдү элчи, бирөөлөрдү пайгамбар, бирөөлөрдү Жакшы Кабар таратуучу, бирөөлөрдү Жыйын башчысы жана окутуучу кылып дайындады.14Ал буларды адамдык амалкөйлүк жана ар кандай азгыруу ыкмасы менен адаштырган ар кандай окутуулардын шамалына айдалган, олку-солку болгон жаш балдардай болбой,15тескерисинче, чындыкты сүйүү менен айтып, бардык жагынан Башчыбыз Машайакка окшошуп өсүшүбүз үчүн дайындады.16Анын башчылыгы астында өз ара бириккен бардык муундардын жардамы менен бириктирилген жана түзүлгөн дене өзүн сүйүү менен бекемдеп, ар бир мүчөнүн өз алдынча кылган аракетине жараша өсөт.17Ошондуктан Теңирдин атынан айтып эскертемин: мындан ары силер бутпарастарга окшоп куру кыял менен жашабагыла.18Алардын акылы караңгылангандыктан, түркөйлүктөрүнүн жана жүрөктөрүнүн катууланганынын айынан Кудайдын жашоосунан четтеп калышкан.19Ыйманынан ажырап калган алар ар кандай ыпылас иштерди тойбостук менен жасап, бузуктукка берилип кетишкен.20Бирок силер Машайакты мындай таанып билген эмессиңер,21силер Ал жөнүндө уккансыңар жана Андан үйрөнгөнсүңөр, анткени чындык Ыйсада.22Силер Андан алдамчы кумарлары менен чирип бара жаткан эски адамдын мурдагы жүрүм-турумун таштоо керек экендигин,23акыл-оюңарды жаңыртып турушуңар керек экендигин,24чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүү керек экендигин үйрөнгөнсүңөр.25Мына ошондуктан жалгандан баш тартып, ар кимиңер жакыныңарга чындыкты айткыла, себеби биз бири-бирибизге мүчөбүз.26Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла,27шайтанга орун бербегиле.28Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын, тескерисинче, эмгектенип, муктаж болгон адамга бир нерсе бере алгыдай болуш үчүн, өз колу менен пайдалуу нерсе жасасын.29Оозуңардан эч кандай жаман сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайдалуу боло турган, ишенимди бекемдей турган жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө.30Кудайдын Ыйык Рухун капа кылбагыла. Куткарылуу күнү ошол Рух менен мөөрлөнгөнсүңөр.31Кыжырдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, заар тилден жана бардык жаман нерселерден арылгыла.32Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машайак аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле.Kyrgyz Bible 2004 Институт перевода Библии Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Эфестиктер 4 00:00:00 00:00:00 0.5x 2.0x https://beblia.bible:81/BibleAudio/kyrgyz2004/ephesians/004.mp3 6 4