× Тил Европа Орусча Беларусча Украинче Полякча Сербче Болгарча Словакия Чехче Румынча Молдова Азербайжан Армянча Грузинче Албанча Авар Башкыр Татар Чечен Словенияча Хорватча Эстончо Латвияча Литвача Венгерче Финче Норвежче Шведче Исландияча Грекче Македонияча Немисче Бавариялык Нидерландча Датча Валлийче Гаэл Ирландча Франсузча Баскча Каталанча Итальянча Galacian Romani Bosnian Түндүк Америка Англисче Түштүк Америка Испанча Португалча Гуарани Кечуан Aymara Борбордук Америка Ямайка Nahuatl Kiche Qeqchi Гаитиче Чыгыш Азия Кытайча Жапончо Корейче Монголчо Уйгур Хмонг Түштүк-Чыгыш Азия Малазиялык Бурмача Chin Непаличе Себуано Тагалогчо Камбоджа Тайча Индонезияча Вьетнамча Жанавизче Лао Ибан Иу Миен Качин Лаху Aceh Balinese Bugis Pampanga Sasak Shan Waray Түштүк Азия Хиндиче Одия Авадхи Mizo Каннадача Малаяламча Маратиче Гужаратиче Тамилче Телугуча Пунжабиче Курух Ассамча Maithili Бенгалча Урдуча Sinhala Догри Харянви Мейтей Конкани Сантали Синдиче Коя Тадо Санскрит Девангари Adilabad Gondi Ahirani Balochi Bundeli Chhattisgarhi Garhwali Kangri Kumaoni Mewari Munda Sadri Seraiki Shekhawati Sylheti Борбордук Азия Кыргызча Өзбекче Тажик Түркмөнчө Казакстан Karakalpak Орто Чыгыш Түркчө Еврейче Арабча Парсча Күрд Пуштунча Копт Африка Африкаансча Хосача Зулуча Ndebele Sotho Амхарча Wolaytta Нигериялык Mossi Ика Динка Kabyle Эв Свахиличе Марокко Сомалиялык Шона Мадагаскар Igbo Лингала Baoule Siswati Tsonga Tswana Гамбия Йорубача Камба Kinyarwanda Хаусача Chewa Luo Макуа Дюла Фулфульде Каленжин Кикую Кикванго Кирунди Крио Нигериялык Пиджин Oromo Тшилуба Тшивенда Тви Умбунду Лугбара Лугуру Пулдар Гусси Маасай Туркана Моба Нуэр Шиллюк Тамашек Маконде Bemba Fon Hadiyya Ibibio Kimbundu Kimiiru Lango Liberian Kreyol Lomwe Mende Morisyen Ndau Nyankole Sena Sidamo Soga Songe Sukuma Tarifit Teso Tiv Zande Dagbani Австралия континенти Жаңы Зеландия Папуа-Жаңы Гвинея Эски тилдер Арамей Латынча Эсперанто 1 1 1 2004 200520041 1 1 2 Тиметей БашталышМисирденЛебилерСандарМыйзамды КайталооЖашыяБашкаруучуларРут1 Шемуел2 Шемуел1 Падышалар2 Падышалар1 Жылнаама2 ЖылнаамаЭзраНекемияЭстерАюбЗабурНакыл СөздөрНасаатчыЫрдын ЫрыЫшайаЖеремияЖеремиянын ЫйыЖезекиелДаниелОшуяЖоелАмосОбадияЖунусМихейНакумХабакукСепанияАкайЗахарияМалахия--- --- ---МатайМаркЛукаЖаканЭлчилерРимдиктерге1 Корунттуктар2 КорунттуктарГалатиялыктарЭфестиктерФилипиялыктарКолостуктар1 Тесалоникалыктар2 Тесалоникалыктар1 Тиметей2 ТиметейТитФилимонЭврейлерЖакып1 Петир2 Петир1 Жакан2 Жакан3 ЖаканЖүйүтАян1 1 1 1 12341 1 1 : 1 1234567891011121314151617181 1 1 Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 2 Тиметей 1 Эскертүүлөрдү сактоо 1Машайак Ыйса аркылуу бериле турган өмүр жөнүндөгү убаданын негизинде, Кудайдын эрки менен Машайак Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан2сүйүктүү уулум Тиметейге салам! Кудай Атабыз жана Теңирибиз Машайак Ыйса сага ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!3Ата-бабаларым сыяктуу эле, өзүм да таза абийир менен кызмат кылып жаткан Кудайга ыраазычылык билдирем. Күнү-түнү сыйынганымда, ар дайым сени эстейм.4Сени ушунчалык көргүм келет, көрсөм, кубанычым артар эле. Коштошкондогу көз жашың эсимде.5Сенин чыныгы ишенимиңди эсиме түшүрөм, мындай ишеним адегенде сенин таенең Лойис менен апаң Ойникеде бар эле, сенде да бар деп ишенем.6Ошондуктан сага эскерте кетейин: менин кол коюп сыйынуум аркылуу Кудайдан берилген жөндөмдүүлүгүңдү жалындат.7Анткени Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү, сүйүүнү жана өзүн өзү башкара билүүнү берүүчү Рухту берген.8Ошондуктан сен Теңирибиз Ыйса Машайакты күбөлөндүрүүдөн жана Ал үчүн туткунга алынган менден уялбагын. Тескерисинче, Жакшы Кабар үчүн башыңа түшкөн кыйынчылыктарга Кудайдын күчү менен чыда.9Ал бизди иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн каалоосунун жана ырайымынын негизинде куткарды, ыйык чакыруусу менен чакырып алды. Бул ырайым бизге кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун Машайак Ыйса аркылуу көрсөтүлгөн.10Бирок бул ырайым азыр Куткаруучубуз Ыйса Машайактын келүүсү аркылуу ачыкка чыкты. Ал өлүмдү жеңип, Жакшы Кабар аркылуу өмүрдү жана өлбөстүктү жарыкка алып чыкты.11Мен ошол Жакшы Кабардын таратылышы үчүн насаатчы, элчи жана бутпарастардын окутуучусу болуп дайындалгам.12Ошол себептен мен ушундай азап тартып жатам, бирок уялган жокмун. Анткени мен Кимге ишенип калганымды билем жана Ал Өзүнүн мага ишенип тапшырганын ошол Күнгө чейин сактарына ишенем.13Менден уккандарыңды туура сөздүн үлгүсү катары ишеним жана Машайак Ыйсадагы сүйүү менен сакта.14Сага ишенип тапшырылганды ичибизде жашаган Ыйык Рухтун жардамы менен сакта.15Асиялыктардын баары мени таштап кетишкенин сен билесиң. Алардын арасында Пигел менен Эрмоген да бар.16Теңир Онесепордун үй-бүлөсүнө ырайым кылсын, анткени ал мени көп жолу сооротту, менин кишенимден уялган жок.17Римде жүргөндө, ал бүт аракетин жумшап, мени издеп тапты.18Теңир ага ошол Күнү Теңирден ырайым таптырсын. Анын Эфесте кандай кызмат кылганын сен жакшы билесиң.Kyrgyz Bible 2004 Институт перевода Библии Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 2 Тиметей 1 00:00:00 00:00:00 0.5x 2.0x https://beblia.bible:81/BibleAudio/kyrgyz2004/2timothy/001.mp3 4 1