× Тил Европа Орусча Беларусча Украинче Полякча Сербче Болгарча Словакия Чехче Румынча Молдова Азербайжан Армянча Грузинче Албанча Авар Башкыр Татар Чечен Словенияча Хорватча Эстончо Латвияча Литвача Венгерче Финче Норвежче Шведче Исландияча Грекче Македонияча Немисче Бавариялык Нидерландча Датча Валлийче Гаэл Ирландча Франсузча Баскча Каталанча Итальянча Galacian Romani Bosnian Түндүк Америка Англисче Түштүк Америка Испанча Португалча Гуарани Кечуан Aymara Борбордук Америка Ямайка Nahuatl Kiche Qeqchi Гаитиче Чыгыш Азия Кытайча Жапончо Корейче Монголчо Уйгур Хмонг Түштүк-Чыгыш Азия Малазиялык Бурмача Chin Непаличе Себуано Тагалогчо Камбоджа Тайча Индонезияча Вьетнамча Жанавизче Лао Ибан Иу Миен Качин Лаху Aceh Balinese Bugis Pampanga Sasak Shan Waray Түштүк Азия Хиндиче Одия Авадхи Mizo Каннадача Малаяламча Маратиче Гужаратиче Тамилче Телугуча Пунжабиче Курух Ассамча Maithili Бенгалча Урдуча Sinhala Догри Харянви Мейтей Конкани Сантали Синдиче Коя Тадо Санскрит Девангари Adilabad Gondi Ahirani Balochi Bundeli Chhattisgarhi Garhwali Kangri Kumaoni Mewari Munda Sadri Seraiki Shekhawati Sylheti Борбордук Азия Кыргызча Өзбекче Тажик Түркмөнчө Казакстан Karakalpak Орто Чыгыш Түркчө Еврейче Арабча Парсча Күрд Пуштунча Копт Африка Африкаансча Хосача Зулуча Ndebele Sotho Амхарча Wolaytta Нигериялык Mossi Ика Динка Kabyle Эв Свахиличе Марокко Сомалиялык Шона Мадагаскар Igbo Лингала Baoule Siswati Tsonga Tswana Гамбия Йорубача Камба Kinyarwanda Хаусача Chewa Luo Макуа Дюла Фулфульде Каленжин Кикую Кикванго Кирунди Крио Нигериялык Пиджин Oromo Тшилуба Тшивенда Тви Умбунду Лугбара Лугуру Пулдар Гусси Маасай Туркана Моба Нуэр Шиллюк Тамашек Маконде Bemba Fon Hadiyya Ibibio Kimbundu Kimiiru Lango Liberian Kreyol Lomwe Mende Morisyen Ndau Nyankole Sena Sidamo Soga Songe Sukuma Tarifit Teso Tiv Zande Dagbani Австралия континенти Жаңы Зеландия Папуа-Жаңы Гвинея Эски тилдер Арамей Латынча Эсперанто 1 1 1 2004 200520041 1 1 Жүйүт БашталышМисирденЛебилерСандарМыйзамды КайталооЖашыяБашкаруучуларРут1 Шемуел2 Шемуел1 Падышалар2 Падышалар1 Жылнаама2 ЖылнаамаЭзраНекемияЭстерАюбЗабурНакыл СөздөрНасаатчыЫрдын ЫрыЫшайаЖеремияЖеремиянын ЫйыЖезекиелДаниелОшуяЖоелАмосОбадияЖунусМихейНакумХабакукСепанияАкайЗахарияМалахия--- --- ---МатайМаркЛукаЖаканЭлчилерРимдиктерге1 Корунттуктар2 КорунттуктарГалатиялыктарЭфестиктерФилипиялыктарКолостуктар1 Тесалоникалыктар2 Тесалоникалыктар1 Тиметей2 ТиметейТитФилимонЭврейлерЖакып1 Петир2 Петир1 Жакан2 Жакан3 ЖаканЖүйүтАян1 1 1 1 11 1 1 : 1 123456789101112131415161718192021222324251 1 1 Жүйүт 1 Эскертүүлөрдү сактоо 1Кудай Ата аркылуу ыйыкталган жана Ыйса Машайак аркылуу сакталган чакырылгандарга Ыйса Машайактын кулу, Жакыптын бир тууганы Жүйүттөн салам!2Кудай силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин, силерде Анын сүйүүсү арта берсин!3Сүйүктүү бир туугандар, силерге жалпы куткарылуу жөнүндө жазууга дилгир элем, бирок мен силерди ыйыктарга бир ирет берилген ишеним үчүн күрөшүүгө чакырууну зарыл деп таптым.4Анткени силердин араңарга жашыруун түрдө кирип алган адамдар бар. Алар – Кудайыбыздын ырайымын бузуктукка алмаштырган, жалгыз Эгедерибиз жана Теңирибиз Ыйса Машайактан баш тарткан, кудайсыз адамдар. Алар үчүн байыртадан эле сот белгиленген.5Силер баарын билсеңер да, мен Теңирдин Өз элин Мисир жеринен алып чыккандан кийин, ишенбегендерин жок кылып салганын,6алгачкы абалын сактабай, өздөрүнүн жайын таштап кеткен периштелерди да түбөлүккө байлап, караңгылыкка камап, сот боло турган улуу күнгө сактап койгонун,7ошолорго окшоп бузуктукка баткан жана бөлөк дененин артынан ээрчиген Содом, Амор шаарлары жана алардын тегерегиндеги шаарлар башкаларга сабак болуш үчүн, түбөлүк от жазасына тартылганын эскертким келет.8Өздөрүнүн денесин булгаган, жогоркуларды тоготпой, жогорку бийликтегилерди жамандаган ошол кыялкечтерге да так ушундай болот.9Башкы периште Михаел да Мусанын сөөгүн талашып, шайтан менен айтышканда, аны айыптоого батынбай: «Сага Теңир тыюу салсын!» – деп гана айткан.10Булар болсо өздөрү билбегендеринин баарын жамандашат, өздөрүнүн табияты боюнча тилсиз жаныбарлардай, ал эми билген нерселери менен өздөрүн кыйратып жок кылышат.11Аларга кайгы! Анткени алар Кабылдын жолу менен жүрүшөт; Биламга окшоп арам акчанын артынан түшүп адашып жүрүшөт; Корак сыяктуу каршы чыгып, өздөрүн өлүмгө дуушар кылып жатышат.12Мындайлар силердин сүйүү кечиңерде азгырык болушат. Силер менен тойлоп, өздөрүн коркпостон семиртишет. Алар – шамал айдаган суусуз булуттар. Алар – тамыры менен жулунган, эки жолу өлгөн, жемишсиз күзгү дарактар.13Алар – өзүнүн ыпылас нерселерин көбүктөнткөн деңиздин долу толкундары, адашкан жылдыздар. Алар үчүн караңгылыктын караңгылыгы түбөлүккө сакталып турат.14Адам атадан кийинки жетинчи тукумдан чыккан Энох да алар жөнүндө: «Мына, Теңир бардыгын соттош үчүн, кудайсыздардын өздөрүнүн кудайсыздыгы менен жасаган иштеринин бетин ачуу үчүн, Ага каршы осол сөздөрдү айткан кудайсыз күнөөкөрлөрдү ашкерелөө үчүн, Өзүнүн түмөндөгөн ыйыктары менен келе жатат», – деп пайгамбарчылык кылган.15***16Алар – күңкүлдөктөр жана эч нерсеге ыраазы болбогондор. Алар өздөрүнүн кумарларына жетеленип жашашат, ооз көптүрүп сүйлөшөт, өздөрүнүн пайдасы үчүн кошоматчылык кылышат.17Бирок силер, сүйүктүү бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын элчилери тарабынан алдын ала айтылган сөздөрдү эсиңерден чыгарбагыла.18Алар силерге: «Акыркы убакта өздөрүнүн ыпылас кумарларына жетеленип жашаган шылдыңчылдар пайда болот», – деп айтышкан.19Алар – ортого жик салуучу, Руху жок, табигый адамдар.20Сүйүктүү бир туугандар, силер болсо өзүңөрдү ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдегиле, Ыйык Рухтун жетеги менен сыйынгыла.21Түбөлүк өмүргө ээ болушуңар үчүн, Теңирибиз Ыйса Машайактан ырайым күтүп, өзүңөргө болгон Кудайдын сүйүүсүн сактап жашагыла.22Олку-солку болуп жаткандарга боорукердик менен мамиле кылгыла.23Ал эми кээ бирөөлөрдү оттон алып калган сыяктуу, коркутуу менен куткарып калгыла. Алардын денеси менен булганган кийиминен да жийиркенип, коркунуч менен ашкере кылгыла.24Кылымдар мурун жана азыр, түбөлүктөн түбөлүккө даңк, улуулук, кубат жана бийлик силерди жыгылуудан сактай ала турган, Өзүнүн даңкынын алдында кемчиликсиз кылып, кубанычыңарды сактап тура ала турган, биздин Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Куткаруучубуз болгон жалгыз, акылман Кудайыбыздыкы! Оомийин.25***Kyrgyz Bible 2004 Институт перевода Библии Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Жүйүт 1 00:00:00 00:00:00 0.5x 2.0x https://beblia.bible:81/BibleAudio/kyrgyz2004/jude/001.mp3 1 1