× Тил Европа Орусча Беларусча Украинче Полякча Сербче Болгарча Словакия Чехче Румынча Молдова Азербайжан Армянча Грузинче Албанча Авар Башкыр Татар Чечен Словенияча Хорватча Эстончо Латвияча Литвача Венгерче Финче Норвежче Шведче Исландияча Грекче Македонияча Немисче Бавариялык Нидерландча Датча Валлийче Гаэл Ирландча Франсузча Баскча Каталанча Итальянча Galacian Romani Bosnian Kabardian Түндүк Америка Англисче Түштүк Америка Испанча Португалча Гуарани Кечуан Aymara Борбордук Америка Ямайка Nahuatl Kiche Qeqchi Гаитиче Чыгыш Азия Кытайча Жапончо Корейче Монголчо Уйгур Хмонг Tibetian Түштүк-Чыгыш Азия Малазиялык Бурмача Chin Непаличе Себуано Тагалогчо Камбоджа Тайча Индонезияча Сунданча Вьетнамча Жанавизче Лао Ибан Иу Миен Качин Лаху Aceh Balinese Bugis Pampanga Sasak Shan Waray Түштүк Азия Хиндиче Одия Авадхи Mizo Каннадача Малаяламча Маратиче Гужаратиче Тамилче Телугуча Пунжабиче Курух Ассамча Maithili Бенгалча Урдуча Sinhala Догри Харянви Мейтей Конкани Сантали Синдиче Коя Тадо Санскрит Девангари Adilabad Gondi Ahirani Balochi Bundeli Chhattisgarhi Garhwali Kangri Kumaoni Mewari Munda Sadri Seraiki Shekhawati Sylheti Bagri Bhilali Bodo Braj Tulu Борбордук Азия Кыргызча Өзбекче Тажик Түркмөнчө Казакстан Karakalpak Орто Чыгыш Түркчө Еврейче Арабча Парсча Күрд Mazanderani Пуштунча Копт Африка Африкаансча Хосача Зулуча Ndebele Sotho Амхарча Wolaytta Нигериялык Mossi Ика Динка Kabyle Эв Свахиличе Марокко Сомалиялык Шона Мадагаскар Igbo Лингала Baoule Siswati Tsonga Tswana Гамбия Йорубача Камба Kinyarwanda Хаусача Chewa Luo Макуа Дюла Фулфульде Каленжин Кикую Кикванго Кирунди Крио Нигериялык Пиджин Oromo Тшилуба Тшивенда Тви Умбунду Лугбара Лугуру Пулдар Гусси Маасай Туркана Моба Нуэр Шиллюк Тамашек Маконде Bemba Fon Hadiyya Ibibio Kimbundu Kimiiru Lango Liberian Kreyol Lomwe Mende Morisyen Ndau Nyankole Sena Sidamo Soga Songe Sukuma Tarifit Teso Tiv Zande Dagbani Edo Kituba Австралия континенти Жаңы Зеландия Папуа-Жаңы Гвинея Эски тилдер Арамей Латынча Эсперанто 1 1 1 2004 200520041 1 1 Аян БашталышМисирденЛебилерСандарМыйзамды КайталооЖашыяБашкаруучуларРут1 Шемуел2 Шемуел1 Падышалар2 Падышалар1 Жылнаама2 ЖылнаамаЭзраНекемияЭстерАюбЗабурНакыл СөздөрНасаатчыЫрдын ЫрыЫшайаЖеремияЖеремиянын ЫйыЖезекиелДаниелОшуяЖоелАмосОбадияЖунусМихейНакумХабакукСепанияАкайЗахарияМалахия--- --- ---МатайМаркЛукаЖаканЭлчилерРимдиктерге1 Корунттуктар2 КорунттуктарГалатиялыктарЭфестиктерФилипиялыктарКолостуктар1 Тесалоникалыктар2 Тесалоникалыктар1 Тиметей2 ТиметейТитФилимонЭврейлерЖакып1 Петир2 Петир1 Жакан2 Жакан3 ЖаканЖүйүтАян1 1 1 1 123456789101112131415161718192021221 1 1 : 1 12345678910111213141516171819201 1 1 Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Аян 1 Эскертүүлөрдү сактоо 1Бул – Ыйса Машайактын аяны. Жакында эмне болорун Өзүнүн кулдарына көрсөтүү үчүн, Кудай Ага ушул аянды берди. Кудай бул аянды Өзүнүн периштеси аркылуу Өзүнүн кулу Жаканга көрсөттү.2Жакан болсо Кудайдын сөзүн, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүн жана өзүнүн көргөндөрүн күбөлөндүрдү.3Ушул пайгамбарчылыктарды окугандар жана уккандар, ошондой эле аянда жазылганды кармангандар бактылуу, анткени убакыт жакындап калды.4Асиядагы жети Жыйынга Жакан мындай деп жазат: Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан Кудай, Анын тактысынын алдында турган жети рух,5ошондой эле ишенимдүү күбө, өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген, жер үстүндөгү падышалардын падышасы болгон Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин! Бизди сүйгөндүктөн, күнөөлөрүбүздү Өзүнүн каны менен жууган,6бизди Өзүнүн Атасы Кудайга таандык падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылган Ал түбөлүккө даңкталып, бийлик кыла берсин! Оомийин!7Мына, Ал булуттар менен келе жатат, Аны бардык көздөр көрөт, Аны найза менен сайгандар да көрүшөт. Жер үстүндөгү бардык элдер Анын алдында боздоп ыйлашат. Ооба, ошондой болот, оомийин.8Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Теңир мындай дейт: «Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын».9Ыйса Машайактын азап чегүүсүнө, падышачылык кылуусуна жана чыдамкайлык көрсөтүүсүнө ортоктош болгон силердин бир тууганыңар мен, Жакан, Кудайдын сөзү үчүн жана Ыйса Машайак жөнүндө күбөлөндүргөнүм үчүн, Патмос аралында болдум.10Теңирдин күнүндө мен Рухка толдум. Ошондо мен арка жагымдан сурнайдын үнүндөй болгон катуу үндү уктум, ал үн мындай деп айтты: «Мен Альфамын жана Омегамын, биринчимин жана акыркымын.11Эмнени көрүп турсаң, ошону китепке жазып, аны Асиядагы Эфес, Смирна, Пергам, Тиатира, Сардес, Филаделфия жана Лаодикея Жыйындарына жибер».12Мага сүйлөгөн үн кимдин үнү экенин көрөйүн деп, артымды карадым. Ошондо мен жети алтын чыракты көрдүм.13Жети чырактын ортосунда Адам Уулуна окшогон бирөө туруптур. Ал узун кийим кийип, көкүрөгүн алтын кемер менен курчап алыптыр.14Анын башы менен чачы ак жүндөй жана кардай аппак, көздөрү оттун жалынындай,15буттары меште кызып жаркыраган жездей, үнү суулардын шаркыраган үнүндөй эле.16Анын оң колунда жети жылдыз бар экен, Анын оозунан эки миздүү кылыч чыгып туруптур. Анын жүзү болсо жаркырап тийип турган күндөй эле.17Мен Аны көргөндө, Анын бут алдына өлүк сыяктуу жыгылдым. Ошондо Ал менин үстүмө оң колун коюп, мындай деди: «Коркпо! Мен биринчимин жана акыркымын.18Мен тирүүмүн. Өлгөн элем, азыр болсо түбөлүккө тирүүмүн, оомийин. Өлгөндөр жаткан жай менен өлүмдүн ачкычтары Менде.19Ошондуктан эмнени көрсөң, азыр эмне болуп жатса, мындан кийин эмне боло турган болсо, ошонун баарын жаз.20Менин оң колумдагы сен көргөн жети жылдыздын жана жети алтын чырактын жашыруун сыры мындай: жети жылдыз – жети Жыйындын периштелери, ал эми сен көргөн жети чырак – жети Жыйындын өзү.Kyrgyz Bible 2004 Институт перевода Библии Кыргыз Тилиндеги Библия 2004 Аян 1 00:00:00 00:00:00 0.5x 2.0x https://beblia.bible:81/BibleAudio/kyrgyz2004/revelation/001.mp3 22 1